Ордо калаада жарык өчсө кайда кайрылуу керек?

Бишкек мэриясы муниципалдык «Бишкек свет» ишканасы менен байланыша турган телефондордун номерлерин жарыялады.

Эгерде көчөлөргө орнотулган жарыктар өчүп калса же иштебей турса, шаардыктар түз эле чалып же жазып маалымат калтыра алат.

Байланыша турган телефондор менен аккаунттар:

  • Диспетчердик-авариялык кызмат — 0 (312) 46-30-89, 57-63-51;
  • WhatsApp-номери — 0(777) 90-21-15.

«Бишкек свет» ишканасынын социалдык тармактагы аккаунттары:

Калаа тургундары социалдык тармактан  кайсы көчөлөрдө оңдоо же прожектор орнотуу иштери  жүрүп жаткандыгын биле алат.

Андан сырткары «Бишкек свет» ишканасынын өкүлү  Эркеайым Бегалиева  «Бишкек сегодня» Telegram тобунда да  суроолор жаралса жооп берет.