Бишкекте Логвиненко көчөсүндө түндө кыймылга чектөө киргизилет

Бишкекте Логвиненко көчөсүндө түндө кыймылга чектөө киргизилет. “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынан билдиришкендей, 15-октябрга караган түнү Логвиненко көчөсүнүн Бөкөнбаев-Лев Толстой тилкеси тосулат.

 

Анда кечки саат 10дон таңкы 8ге чейин темир жолдо оңдоо иштери жүргүзүлөт. Айдоочуларга башка каттамдарды түзүп алуу сунушталат.