Бишкекти ыштан тазалоого АКШнын Эл аралык өнүгүү боюнча агенттиги жардам берет.
Бул боюнча Кыргызстандын Америкадагы элчиси Бакыт Аманбаевдин аталган агенттиктин администраторунун орун басары Анжали Каур менен жолугушуусунда белгилүү болду.
Маалыматка караганда, АКШ өкмөтү жакынкы күндөрү ордо калаанын экологиялык абалын жакшыртуу боюнча атайын долбоор баштап, Бишкектин абасын тазалоого жардам берилерин билдирген.