Караколдо байге фонду 1 млн 50 миң сомду түзгөн кышкы оюндар өтөт

Караколдо байге фонду 1 миллион 50 миң сомду түзгөн республикалык кышкы оюндар өтөт.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, оюндар балдар-өспүрүмдөр спорттук мектептеринин тарбиялануучуларынын арасында “Мен чемпионмун” аталышында болот. Спорттук иш-чара 26-28-декабрь күндөрү лыжа спорту, лыжа жарышы жана хоккей боюнча уюштурулат.

Жарыштын жеңүүчүлөрү жана байгелүү орун ээлери тиешелүү даражадагы медалдар, дипломдор менен сыйланып, акчалай сыйлыктар берилет.