Кыргызстан мунай продуктуларын экспорттоого тыюу салууну узартты

Кыргызстан мунай жана мунай продуктуларын экспорттоого убактылуу тыюу салууну узартты.

Өкмөттүн токтомуна ылайык, ички рынок толтурулганга же Евразия экономикалык биримдигинин тиешелүү жалпы рыноктору түзүлгөнгө чейин Кыргызстандан ЕАЭБ аймагынын чегинен тышкары мунайды унаа жана темир жол транспорту менен ташып чыгууга чектөө киргизилет.

Мындай чара ички рынокто бааны турукташтыруу үчүн жасалууда.