Бишкектин 4 калкты тейлөө борборунда кыймылсыз мүлк жана жер объектилери боюнча кызматтар көрсөтүлөт

Бишкектин 4 калкты тейлөө борборунда кыймылсыз мүлк жана жер объектилери боюнча кызматтар көрсөтүлөт. Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришкендей, жарандар алардан объектке укуктары боюнча маалыматты, техникалык мүнөздөмөлөрүн жана башка документтерди ала алышат.

 

Кызматтар ушул айдын аягына чейин сыноо режиминде көрсөтүлөт.

 

Ал ийгиликтүү өтсө, өлкөнүн бардык калкты тейлөө борборлоруна киргизилет.