Кыргызстанда кайрадан Коргоо министрлиги түзүлөт

Кыргызстанда кайрадан Коргоо министрлиги түзүлөт. Тиешелүү буйрукка президент Садыр Жапаров кол койду. Документте жазылгандай, Коргоо министрлиги Генералдык штаб жана Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин базасында пайда болот.

 

Мындай чара Куралдуу күчтөр системасын башкарууну өнүктүрүү үчүн киргизилүүдө. Эске салсак, Коргоо министрлиги 2014-жылы жоюлган. Куралдуу күчтөрдү башкаруучу бирдиктүү орган катары Генералдык штаб түзүлүп, ал бардык функцияларды өзүнө алган.