Кыргызстандагы эң бийик балаты орнотулууда.
Ош шаардык мэриясынан билдиришкендей, кыш сулуусунун бийиктиги
30 метрди түзүп, жылдызчасы 2 метрге жетет. Быйыл ал это стилде кооздолмокчу.
Ал эми балаты жандыруу аземи жана майрамдык иш-чара 25-декабрга чейин өткөрүлөт.
Жасалгалоо иштерине жалпысынан 973 миң сом сарпталды, — дешти муниципалитеттен.