Япониянын окумуштууларына Антарктиданы изилдөөгө тюлендер жардам берүүдө

Япониянын окумуштууларына Антарктиданы изилдөөгө тюлендер жардам берүүдө. Океанологдордун айтымында, алар төмөн температураны жакшы көтөрүп,  1 чакырым тереңдикке чейин сүзө алат.

 

Бул суунун астын изилдөөгө шарт түзөт. Ал үчүн океандын түбүндөгү маалыматты чогултуу үчүн тюлендерге атайын датчиктер орнотулат. Жабдуулар суунун температурасын, электр өткөрүмдүүлүгүн жана туздун деңгээлин өлчөйт.