Бишкектин айрым аймактарында эртең таза суу өчүрүлөт

Бишкектин айрым аймактарында эртең таза суу өчүрүлөт. Мэриянын маалыматына ылайык, эртең мененки саат 9дан кечки 6га чейин суу Абай, Каракөл, Горький, Панфилов, Кулатов, Байтик Баатыр жана Скрябин көчөлөрүндө жок болот.

 

Убактылуу чектөөлөр суу түтүктөрүн жайкы мезгилге даярдоого байланыштуу.