Кыргызстанда кар көчкү түшүү коркунучу сакталууда

Кыргызстанда кар көчкү түшүү коркунучу сакталууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, 18-мартка чейин аба табы көтөрүлгөнүнө байланыштуу, тоолуу райондордо, ашууларда кар массасы түшүшү ыктымал.

 

Өзгөчө кооптуу деп Бишкек-Ош, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу, Красная Горка-Ак-Таш, Казарман-Актал-Чат унаа жолдору белгиленет. Айдоочулар этият болуп, унаалар ортосундагы тиешелүү 500 метрлик аралыкты сактоосу кажет.