Бишкектин Ак-Бата конушунда жаңы мектеп пайда болот. Капиталдык курулушу башкармалыгынын маалыматына ылайык, имарат 650 окуучуга чакталат.
Анда окуу класстарынан тышкары, спорт зал, ашкана, балдардын чеберчилик кабинеттери, китепкана, конференц-зал жана музыка класстары орун алат.
Ал эми короосунда баскетбол, футбол жана воркаут аянтчалары каралган.