Бишкектин Ак-Ордо конушунда мектептин курулушу уланууда. Мэриянын маалыматына ылайык, 3 кабаттуу имарат бир сменада 480 окуучуну батырууга ылайыкталат.
Бул жерде негизги окуу корпусунан тышкары ири китепкана, медицина кабинети жана башка техникалык бөлмөлөр каралган.