Эми Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы аба каттамдары дагы көбөйөт.
27-августтан тарта аталган өлкө Кыргызстанга болгон рейстеринин санын көбөйтөт. Бул күндөн тарта Москва-Бишкек багыты ачылат.
Бул каттам жумасына 7 күн бою аткарылат. Бишкек жана Ошко эми Новосибирск, Красноярск, Казань, Екатеринбург, Иркутск, Грозный шаарларынан келсе болот. Бул калаалардан учактар жумасына бир ирет каттайт.