Бишкектин бир бөлүгүндө 3-майда суу болбойт

Бишкектин бир бөлүгүндө 3-майда суу болбойт. “Бишкексууканал” ишканасынан билдиришкендей, эртең мененки саат 8ден кечки 10го чейин Ахунбаев, Курчатов, Тыналиев жана Миңжилкиев көчөлөрү менен чектешкен аймактарда суу өчүрүлөт.

 

Ичүүчү сууну берүү турак жайларда, мектептерде, бала бакчаларда, ооруканаларда жана башка социалдык объектилерде токтотулат. Мындай чара ремонт иштерине байланыштуу.