Бишкектин борбордук көчөлөрү унаа кыймылы үчүн убактылуу жабылат

Бишкектин борбордук көчөлөрү унаа кыймылы үчүн убактылуу жабылат.

Милициянын кайгуул кызматынан билдиришкендей, Кыргызстанга алып келинген өрт өчүрүүчү унааларды Өзгөчө кырдаалдар министрлигине тапшыруу аземине байланыштуу Ала-Тоо аянтынын аймагы бүгүн кечки саат 9дан эртең мененки 11ге чейин жабык болот.

Убактылуу чектөө Чүй проспектисинин Орозбеков көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейинки аралыгы, эски аянтта Абдымомунов көчөсүнүн бир бөлүгү Орозбеков көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейин тиешелүү болот.