Садыр Жапаров сотторду сыйлады

Өлкөнүн сот тутумунун бир катар кызматкерлери Кыргызcтандын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйланышты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Судьялардын XII курултайында сыйлыктар мыйзамдуулукту бекемдөө үчүн эмгегин сиңиргендерге ыйгарылды.
Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи ардак наамы менен сыйлангандар:

Чинара Садырова — Жогорку соттун судьясы.

Кыргызстандын Ардак грамотасы менен сыйлангандар:

Азамат Алыбаев — Бишкек шаардык сотунун төрагасы;

Мирбек Арстанбеков — Президенттин администрациясынын сот жана прокуратура органдары менен өз ара кызматташуу бөлүмүнүн сот органдары секторунун эксперти;

Алмаз Калыбаев — Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун төрагасы;

Айнаш Токбаева — Жогорку соттун судьясы;

Кеңешбек Токтомамбетов — Жогорку соттун судьясы.

Мындан сырткары, сот органдарындагы көп жылдык ак ниет эмгеги үчүн жана сот системасынын кызматкеринин күнүнө байланыштуу президенттин энчилүү сааты менен сыйлангандар:

Болотбек Акматов — Жогорку соттун судьясы;

Нургүл Асанова — Жогорку соттун судьясы;

Кыдык Жунушпаев — Жогорку соттун судьясы;

Эркинбек Мамыров — Жогорку соттун аппаратынын жетекчиси;

Алмазбек Абдылдаев — Ош облустук сотунун төрагасы;

Канат Аманов — Ысык-Көл облустук сотунун төрагасынын орун басары;

Кымбат Архарова — Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун судьясы;

Ашырбек Курманов — Чүй облусунун Ысык-Ата райондук сотунун судьясы;

Урмат Кожомбердиев — Жогорку сотко караштуу Сот департаментинин директору;

Рустамбек Шабыев — Жогорку сотко караштуу Сот департаментинин алдындагы маалыматтык технологиялар боюнча мекеменин башкаруучусунун милдетин аткаруучу.

Президенттин атынан алкыш жарыяланды:

Чынара Мамыткановага — Жогорку соттун аппаратынын коом менен байланышуу, массалык маалымат каражаттары жана эл аралык катнаш бөлүмүнүн басма сөз катчысы;

Изати Шугуралиевага — Жогорку соттун аппаратынын коом менен байланышуу, массалык маалымат каражаттары жана эл аралык катнаш бөлүмүнүн улук референти;

Замирбек Ормоновго — Баткен облустук сотунун басма сөз катчысы.