Бишкекте конуштардагы жер тилкелерине документ берүү үчүн мобилдик топ түзүлөт.
Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан билдиришти. Мобилдик топ жеринде
иш алып барат. Учурда «2012-жылдын 3-августуна чейин өзүм билемдик менен курулган
жеке турак жайлар тургузулган жер тилкелерин мыйзамдаштыруу жөнүндө» мыйзам
долбоору коомдук талкууда. Долбоор 29-ноябрга чейин каралып бүтөт. Жер тилкелерин
мыйзамдаштыруунун алгачкы процедурасына бир катар документтер керек: жарандын
паспорту жана анын көчүрмөсү, кошуналардан алынган тил каттар, ал кварталдык
комитеттин төрагасы тарабынан күбөлөндүрүлүшү керек; кварталдык комитеттин
төрагасы же МТУнун төрагасы тарабынан жашагандыгы жөнүндө жана
үй-бүлөнүн саны тууралуу күбөлөндүрүлгөн маалым кат.