Бишкекте жаңы автобустук каттам ачылды. Мэриянын маалыматына ылайык, Шаардык транспорт башкармалыгы шаардыктардын өтүнүчү менен №2 автобусттук каттамын ишке киргизди.
Ал чыгыш автобекетинен Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасына чейин түз барат. Андан тышкары, Учкун, Тунгуч кичи райондорунан да өтөт.