Бишкектин айрым аймактарында электр жарыгы өчүрүлөт.
«Түндүк электр» ишканасынын маалыматында, кечки саат 6га чейин
Рухий-Мурас, Арча-Бешик жана Ак-Босого конуштарында, Куликовский,
7-Апрель, Медеров, Бектенов, Айни, Жаманбаев көчөлөрүнүн бөлүгү жана
Чыңгыз Айтматов проспектисинде жарык берүү токтотулат.
Убактылуу чектөөлөр ремонттук иштерге байланыштуу.