Жалал-Абад облусунун аймагында жашылдандыруунун үч айлыгы өтөт

Жалал-Абад облусунун аймагында жашылдандыруунун үч айлыгы өтөт.

Эртеңден тартып айлана-чөйрө ирээтке келтирилип, калктуу конуштарда көрктөндүрүү иштери аткарылат.

Өкмөттүн аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, анын алкагында көчө, аллея, эс алуу бактарына дарак жана

гүлдөр отургузулуп, ирригациялык тармактар тазаланып, жээк бекемдөө жумуштары аткарылат.

Иштердин жүрүшүн атайын түзүлгөн штабдар текшерип турат.