Ордо калаа көчөлөрүндө эки күндөн бери тыгын жаралууда

Ордо калаа көчөлөрүндө эки күндөн бери тыгын жаралууда. Кайгуул милиция кызматынан бул кырдаалдын себебин түшүндүрүштү. Ведомстводон белгилешкендей, маршруттук такси айдоочулары иш таштагандыктан, унаасы бар жарандар машинелерин айдап чыкты.

 

Андан сырткары, таксисттердин саны дагы дээрлик эки эсе көбөйдү. Тыгындарга себеп боло турган рейд же башка иш-чаралар Бишкекте өткөрүлгөн жок, — дешти Кайгуул кызматынан.