Бишкектин айрым аймактары эртең жарыксыз калат

Бишкектин айрым аймактары эртең жарыксыз калат. “Түндүкэлектрдин” маалыматына ылайык, эртең мененки саат 9дан кечки 5ке чейин электр энергиясы Бектенов, Карасаев, Абдрахманов, Токтогул, Москва, Орозбеков көчөлөрүндө, Жибек Жолу проспектинде жана Арча-Бешик, Ак-Босого, Ак-Өргө конуштарында жок болот.

 

Убактылуу чектөөлөр ремонттук иштерге байланыштуу.