«Бир айыл—бир продукт» экономикалык долбоору жөнүндө жарлыкка кол коюлду

Кыргызстанда «Бир айыл — бир продукт» аталышындагы улуттук экономикалык долбоор жөнүндө жарлыкка кол коюлду.

Президенттин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, анын алкагында Министрлер кабинетине «Кыргызстанда жасалган» аттуу брендди түзүү тапшырылды.

Долбоорго ылайык жергиликтүү ресурстардан сапаттуу продукция чыгаруу, бизнести башкаруу, маркетинг жана продукцияны сатуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү, продукцияны жергиликтүү жана эл аралык рыноктордо жайылтып, жергиликтүү бренддерди түзүү жана продукциянын баалуулугун жогорулатуу пландалууда.