Бишкектин калкты тейлөө борборлорунда өзүн-өзү тейлөө зоналары иштеп жатат.
Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маалыматы боюнча, жарандар ал жерден 143 онлайн кызмат ала алышат.
Алардын арасында электрондук кол тамга, “Түндүк” порталынын маалымкаттары, ошондой эле ID-карта чипинен көчүрмө жана эски үлгүдөгү паспорттор бар.
Белгиленгендей, өзүн-өзү тейлөө зоналары жарандардын убактысын үнөмдөөгө жана санариптик көндүмдөрдү өркүндөтүүгө мүмкүндүк берет.