Дем алыш күндөрү Россиядан 871 кыргызстандык мекенине кайтып келди.
Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, жарандар Москва,
Санкт-Петербург, Новосибирск жана Екатеринбург шаарларынан кайтарылды.
Алар Бишкектеги жана Оштогу аба майданга түшүрүлдү.
Чет өлкөдөгү мекендештерди кайтаруу иштери тынымсыз уланууда.