Бишкектин курултайын өткөрүү белгисиз мөөнөткө жылдырылды

Бишкектин курултайын өткөрүү белгисиз мөөнөткө жылдырылды. Мэрия маалыматына ылайык, шаардык кеңештин иш-чаранын датасына байланыштуу токтом долбоору талкуудан алынды.

 

Андыктан, курултай качан өтөт, азырынча белгисиз. Буга чейин иш-чара 10-октябрда өтөт деп айтылып жаткан. Анда ордо калаанын 4 районунан 500 делегатты чогултуу пландалган.