Ордо калаада эртеңден тарта электр энергиясы үчүн карызы бар керектөөчүлөр жарыгы жок калышы мүмкүн

Ордо калаада эртеңден тарта электр энергиясы үчүн карызы бар керектөөчүлөр жарыгы жок калышы мүмкүн. Чүй электр тармактарынан билдиришкендей, тизмеде 3,5 миңден ашык абонент бар.

 

Ыңгайсыздыктарга кабылбаш үчүн жарандарга бүгүн карыздарын төлөө сунушталат. Муну “Кыргызпочтасы” бөлүмдөрү, электрондук капчыктар жана төлөм терминалдары аркылуу жүргүзсө болот.