Кыргызстан жолдорунда экологиялык транспорттун саны өсүүдө

Кыргызстан жолдорунда экологиялык транспорттун саны өсүүдө. Кытайдан эле биздин өлкөгө 7 ай ичинде 441 электромобиль экспорттолгонун коңшу өлкөнүн бажы башкармалыгынан билдиришти.

 

Алардын жалпы баасы 8 миллион доллардан ашат. Электр кубаты менен жүргөн унаалардын баасы 12 миң доллардан 35 миң долларга чейин жетет.