Кайра өтө турган шайлоого катышууну каалаган Жогорку Кеңештин депутаттыгына
талапкерлер бардык документтерин 30-январга чейин тапшырышы керек. БШКнын
маалыматына ылайык, алардын жогорку билими тууралуу дипломунун көчүрмөсү жана
күрөө акысын төккөнү тууралуу дүмүрчөгү талап кылынат. Тлапкерлерди каттоо
7-февралга чейин аяктайт. Эске салсак, Биринчи Май жана Свердлов окуругдарында
кайра шайлоо 27-февралда өтөт. 28-ноябрда өткөн добуш берүүдө аларда
“барына каршы” графасы алдыга озуп кеткен.