Жогорку Кеңештин депуттарын кайра шайлоого катышууну каалаган талапкерлерди
каттоо кийинки жумада аяктайт. БШКдан билдиришкендей, билдирмелер 27-январга
чейин кабыл алынат. Учурда Биринчи Май жана Свердлов окуругдары боюнча
шайлоого катышууну каалагандардын саны 42ге жетти. Ал эми талапкерлердин
үгүттөө өнөктүгү 7-февралда башталып, 26-февралда аяктайт. Эртеси “Тынчтык күнү”
болуп бардык агитациялар токтотулат. Добуш берүү 28-февралда өтөт.