Бишкектин мектептеринде 2 эсе ашыкча балдар окуп келет

Бишкектин мектептеринде 2 эсе ашыкча балдар окуп келет.

 

Шаардык билим берүү башкармалыгынын начальнигинин орун басары Данияр Абдуазизов билдиргендей, ордо калаа мектептеринде 177 миң бала билим алат.

 

Бирок  97 мектеп 76 миң окуучуга гана ылайыкташкан. Ал эми мамлекеттик 90 бала бакча   14 миңден ашык балага ылайыктуу болсо, учурда 25 миң бөбөк кабыл алынган. Белгилеп кетсек, Бишкекте бала бакча жана мектептердин жетишсиздиги курч, бир класста 45 балага чейин окууга аргасыз.