Жалпы республикалык тестирлөөдө 8 предметтик тест сунушталат

Жалпы республикалык тестирлөөдө 8 предметтик тест сунушталат. Алар тууралуу кененирээк Билим берүүнү баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынар Батракеева айтып берет.

 

8 предметтик тест бар. алардын ичинен медициналык адистиктерге тапшыра тургандарга химия жана биология боюнча предметтик тесттер милдеттүү болуп саналат. Предметтик тесттердин саны чектелген эмес, абитуриент өзү тандайт. Бирок шыгына, даярдыгына жараша тандаса деп суранат элек. Предметтик тесттерди атай кетсек – химия, биология, физика, тарых, математика, англис тили, кыргыз тили-адабияты, орус тили-адабияты боюнча тесттер бар

 

Белгилеп кетсек, негизги тесттин жана ар бир предметтик тесттин баасы 370 сомго барабар.