Бишкектин айрым бөлүгү бүгүн жарыксыз калат

Бишкектин айрым бөлүгү бүгүн жарыксыз калат.

 

“Түндүкэлектрдин” маалыматына ылайык, эртең мененки саат 9дан кечки 5ке чейин электр энергиясы Мессарош, Кайназаров, Салиева, Саратов, Курманжан Датка, Ибраимов, Токтогул, Шопоков, Киев, Баялинов көчөлөрү, Керемет, Маданият, Арча-Бешик, Көк-Жар конуштарында жок болот.

 

Убактылуу чектөөлөр ремонттук иштерге байланыштуу.