Бишкектин мектептеринде билим берүүнү толук кандуу жандантуу үчүн алгоритмдерди сактоо мүмкүн эмес

Бишкектин мектептеринде билим берүүнү толук кандуу жандантуу үчүн алгоритмдерди сактоо мүмкүн эмес. Бул тууралуу ордо калаа вице-мэри Айжан Чыныбаева билдирди.

 

Анын айтымында, билим берүү мекемелери ачылууга даяр. Бирок муниципалитет социалдык аралыкты сактоо менен балдардын бардыгын бөлүштүрө албайт.

 

Учурда медицина кызматкерлери балдар арасында вируска чалдыгуу динамикасын байкап жатат. Абал туруктуу. Бирок курч респиратордук вирустар жана сасык тумоо күч алган мезгилде коронавируска кабылуу дагы көбөйүшү мүмкүн.