Бишкектин ооруканаларындагы бейтаптарга барууга убактылуу тыюу салынды

Бишкектин ооруканаларындагы бейтаптарга барууга убактылуу тыюу салынды.  Медициналык уюмдардын башкы дарыгерлерине кызматкерлердин ишине тыкыр көзөмөл жүргүзүп, ооруканада жаткандар арасында маалымдоо жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырмасы берилди.

 

Шаар бийлиги коронавирус кооптуулугунан улам тургундарды эл көп чогулган жайларга — куран окутууларга, тойлорго, салтанаттарга барбай туруу керектигин эскертет.