Кыргызстанда медицина кызматкерлери коронавирусту алдын алуу иштерин жүргүзүүдө

Кыргызстанда медицина кызматкерлери коронавирусту алдын алуу иштерин жүргүзүүдө. Ден-соолукту бекемдөө республикалык борборунун жана Үй-бүлөлүк медицина борборлорунун кызматкерлери туура тамактануу, физикалык көнүгүүлөр, гигиенаны сактоо жана курч респиратордук вирустарды алдын алуу тууралуу айтып беришүүдө.

 

Иш-чаралар мекептерде, бала бакчаларда, университеттерде, жергиликтүү башкаруу органдарында жана башка мамлекеттик органдарда жүргүзүлдү.