Жеке клиникаларды, стоматология борборлорун жана сулуулук салондорун текшерүүгө киргизилген мораторийди жокко чыгаруу сунушталууда

Жеке клиникаларды, стоматология борборлорун жана сулуулук салондорун текшерүүгө киргизилген мораторийди жокко чыгаруу сунушталууда. Бул тууралуу Ооруларды алдын-алуу жана мамлекеттик эпидем көзөмөл департаментинин бөлүм башчысы Динара Оторбаева билдирди.

 

Анын айтымында, өткөн жылы киргизилген тыюудан улам, аталган объектилерди санитардык талаптарды аткарууга текшерүү мүмкүн болбой калды. Белгилеп кетсек, быйыл жеке медициналык борборлордун кызматкерлери арасында В жана С гепатиттеринин жүздөгөн учурлары катталды.