Ирландиянын 106 жаштагы жашоочусу узак өмүр сүрүү сырлары менен бөлүштү

Ирландиянын 106 жаштагы жашоочусу узак өмүр сүрүү сырлары менен бөлүштү. Байбиченин айтымында, бул үчүн биринчи кезекте “жан дүйнөнүн тынчтыгы керек”. Брижет Тирни 1915-жылы туулган.

 

Ал спирт ичимдиктерин ичпей, чылым чекпей жана учакка отуруп көргөн эмес. Муну менен катар ар дайым үй шартында даярдалган тамактарды колдонуп, консерваланган азыктарды жебейт.

 

Учурда 106 жашка чыкса дагы, Тирни кроссворд толтурганды, радио укканды, телевикториналарды көргөндү жакшы көрөт.  Анын 10 баласы, 30 небереси,   43 чөбөрөсү бар.