Кыргызстан, Россия, Казакстан жана Беларустун ордо калааларында азык-түлүктүн баасы салыштырылды.
Апрель айына карата орточо чекене баалардын мониторингин Улуттук статистика комитети түздү.
Жыйынтыгында Бишкекте жууган майдын бир киллограмын шаар тургундары 320 сомго сатып алат.
Москвада бул азык 3 эсе кымбат. Ошол эле учурда Кыргызстанда жумуртканын 10 даанасы
орточо эсеп менен 106 сомдон сатылса, Москвада бул товар 5 сомго арзан. Ал эми Минскиде
Бишкекке салыштырмалуу уй эти 122 сомго жана жумуртка 20 сомго төмөн. Бул 4 шаардын
ичинен эң арзан деп катталды. Ал эми Нур-Султанда болсо, бизге караганда нан 14 сомго,
жумуртка 13 сомго арзан. Анын ортосунда барынан арзан ун Бишкекте, 1 – сорту 39 сом.