Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда сел жүрдү

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда сел жүрдү.

Өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнөн novosti.кге билдиришкендей,

катуу жааган жаандын кесепетинен Барскоон айылында суу ташкындап

2 көчөнү жана 16 үйдүн короосун каптады. Ошондой эле канал да керектен чыкты.

Бул канал аркылуу 800 гектарга жакын айдоо аянты сугат суу менен камсыздалчу.

Учурда жаратылыш кырсыгынын кесепеттерин жоюу иштери жүрүп жатат.

Калыбына келтирүү жумуштарына 200 миң сом каралууда.