Кыргызстанда эл каттоонун мөөнөтү жылдырылат

Кыргызстандагы эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу

эл каттоонун мөөнөтү жылдырылат. Бул тууралуу Улуттук статистика

комитетинен билдиришти. Маалыматка ылайык, кайсы мөөнөткө

жылдырылганы тууралуу азырынча айтыла элек. Кошумчаласак,

Эл каттоо ар бир 10 жылда дүйнө жүзү боюнча өлкөлөрдүн статистика

кызматы тарабынан жүргүзүлгөн ири изилдөө. Ал Кыргызстанда

быйыл биринчи жолу мурдагыдай кагаз түрүндө эмес, электрондук

форматта өткөрүү пландалган. Каттоо иштери 23-марттан

1-апрелге чейин жүргүзүлмөк.