Кочкор районунда жаңы мектеп курулат

Кочкор районунда жаңы мектеп курулат. Мамлекеттик курулуш жана архитектура агенттигинин маалыматына ылайык, орто билим берүү мекемеси Бугучу айылында пайда болот.

 

Объект 150 окуучуга чакталат. Имараттын курулушуна Сауд өнүктүрүү фонду тарабынан 500 миң доллар бөлүнгөн. Мектеп ушул жазда колдонууга берилип калат деп пландалууда.