“Бишкекжашылчарба” муниципалдык ишканасынын директору болуп Айгүл Наватова дайындалды.
Тиешелүү буйрукка Бишкек мэри Эмилбек Абдыкадыров кол койгон.
Мэриянын маалыматына ылайык, Наватова буга чейин ишкананын директорунун орун басары кызматын ээлеген.