БШК Жогорку Кеңештин жаңы депутаттарын каттоону убактылуу токтотту.
Ведомствонун маалыматына ылайык, процесс Жогорку сотто каралууда.
«Альянс» партиясы бир талапкерди депутат катары каттаган чечиминин
үстүнөн арызданган жана Чүй-Кемин округунда эң көп добуш алган талапкердин
каттоосун жокко чыгаруу чечими сотто каралып жатат. Бул кароолор аягына
чыкмайынча, БШК акыркы чечимди кабыл алып, жаңы депутаттарга
мандаттарды тапшыра албайт, — деп белгилешти комиссиядан.