Өлкөдө энергетика министринин милдетин Таалайбек Ибраев аткармай болду

Өлкөдө энергетика министринин милдетин Таалайбек Ибраев аткармай болду.

Тиешелүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койгонун президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

Белгилеп кетсек, Доскул Бекмурзаев тергөө мезгилине энергетика министри кызматынан убактылуу четтетилди.

Буга чейин Башкы прокуратура ага карата кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары боюнча эки кылмыш иши козголгондугун билдирген.