Кадыр Маликов Кыргызстан мусулмандарынын муфтийинин орун басары болуп дайындалды

Дин таануучу Кадыр Маликов Кыргызстан мусулмандарынын муфтийинин орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка муфтий Максатбек ажы Токтомушев кол койгонун муфтияттын басма сөз кызматы кабарлады.

 

Кадыр Маликов 1972-жылы Бишкек шаарында төрөлгөн. Ал 2006-2007-жылдары Борбор Азиядагы Америка университетинин социалдык иликтөөлөр борборунун исламды изилдөө тобунун жетекчиси, Кыргыз-Орус (Славян) университетине караштуу стратегиялык талдоо жана алдын-ала божомолдоо институтунун ислам изилдөөлөрү боюнча жетектөөчү адиси болуп эмгектенген. 2017-жылдан бери Кыргызстан мусулмандарынын аалымдар кеңешинин мүчөсү болуп иштеп келаткан.

Муфтийдин мурдагы орун басары Замир Ракиев 10-августта Бишкек шаарынын казысы болуп дайындалган.