Кадыр түн 19-майдан 20-майга караган түнү болот. Бул тууралуу муфтияттын басма-сөз кызматынан билдиришти. Андан белгилеп кетишкендей, бул түнү мусулмандар уктабай, таңга чейин намаз окушат.
Айрым хадистерге ылайык, бул түнү сыйынуу – 1 миң ай тынбай сыйынууга барабар. Муфтияттан белгилеп кетишкендей, ооз жабууга чейин уктабай отуруу – жетиштүү болот.