Абибилла Кадырбердиев Ош облусунун казысы болуп дайындалды

Абибилла Кадырбердиев Ош облусунун мусулмандарынын казысы болуп дайындалды. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

 

Жаңы дайындалган казыны жамаатка муфтийдин биринчи орун басары Самидин Атабаев тааныштырды.

 

Абибилла Кадырбердиев 1977-жылдын 19-декабрында Баткен облусуна караштуу Кадамжай районундагы Жаңы-Жер айылында туулган. Үй-бүлөлүү, эки уул, эки кыздын атасы.