Бюджет кызматкерлери ипотекалык насыяны жылдык 4 пайыз менен ала алат

Бюджет кызматкерлери ипотекалык насыяны жылдык 4 пайыз менен ала алат. Ал эми калган категориядагы жарандарга турак-жай алууга кредит 8 пайыз менен жеткиликтүү.

 

Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компаниянын башчысынын орун басары Тилек Жээмбаев билдирди. Анын айтымында, медицина, билим берүү, коргоо жана маданият тармактарында эмгектенгендер насыяны “жеңилдетилген ипотека” программасында алса, калгандары “жеткиликтүү ипотека” линиясы менен турак-жайлуу боло алат.

 

Аталган программаларды жакынкы 4 жылда каржылоо үчүн министрлер кабинети 8,5 миллиард сом бөлүү ниетинде.